Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош жолунда унаа кырсыгынан 2 адам жабыркады

Кыска кабар | 18 Фев 2021 | 640 | 0

Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 236-чакырымында, тагыраагы, Ала-Бел ашуусунда «Howo» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай оодарылып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыркаган. Куткаруучулар жеткенге чейин тез жардам кызматкерлери жабыркаган адамдарды Токтогул райондук ооруканасына жеткиришкен.

Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымындагы 3 куткаруучу Камаз унаасы менен чыгышып, унааны жылдырып беришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM