Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан дагы 73 бейтап сакайды

Кыска кабар | 18 Фев 2021 | 437 | 0

Бир сутка ичинде пневмонияны эсепке алганда коронавирус инфекциясы 70 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штаб билдирди.

Вирустун жаңы табылган учурлары төмөнкү аймактарда катталды:

  • Бишкек шаары — 26
  • Чүй облусу — 17
  • Ош облусу — 6
  • Нарын облусу — 3
  • Ысык-Көл облусу — 10
  • Жалал-Абад облусу — 3
  • Талас облусу — 2
  • Баткен облусу — 3

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада стационардан – 2, үй карантининен — 4 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4201 учур катталды, алардын ичинен 4132 медкызматкер сакайды.

Акыркы суткада 73 бейтап COVID-19 илдетинен сакайып чыкты:

  • Бишкек шаары — 34
  • Ош шаары — 1
  • Чүй облусу — 22
  • Нарын облусу — 4
  • Ысык-Көл облусу — 9
  • Жалал-Абад облусу — 2
  • Баткен облусу — 1

COVID-19 илдетинен 1 бейтап каза тапты.

Коронавирус жуктургандардын жалпы саны 85 689кө жетти. Анын 82 525и сакайып чыкса, 1447 бейтап каза тапты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM