Биз менен байланышыңыз

Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

Кыска кабар | 17 Фев 2021 | 746 | 0

Бүгүн, 17-февралда Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүүдө.

Коштошуу зыйнатына президенттик жана өкмөттүк аппараттын кызматкерлери, бир катар мамлекеттик жогорку кызмат адамдары, маданият ишмерлери , анын жакындары жана санаалаштары катышууда.

Жамал Сейдакматованын сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, залкар актриса Жамал Сейдакматова 16-февралда 82 жаш курагында оорудан улам дүйнө салган.

Жамал Сейдакматова 1939-жылы Ысык-Көл районунун Темир айылында жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти аяктагандан кийин Москвадагы жеңил өнөр жай институтуна тапшырган. Бирок окуу жайды 2-курста таштап, актрисалык жолду тандап кеткен. 1957-жылы учурдагы Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына келип,  Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева сыяктуу залкарлардан таалим алып, өнөр жолуна кадам таштаган. 1990-жылы «Тунгуч» театрын негиздеп, көркөм жетекчиси катары көптөгөн жаш таланттарга устат болгон.

Жамал Сейдакматова кыргыз киносунун жана театрынын могикандарынын бири болгон. Ал 18 жашынан тартып, өмүрүнүн соңку жылдарына чейин сахнада жана тасмада көптөгөн роль ойноп, эчен түркүн образдарды жараткан.

«Саманчынын жолунда» Алимандын, «Абийир кечирбейтте» Шайыргүлдүн, «Ак боз атта» Эркайымдын, «Кылым карытар бир күндө» Найман эненин, «Отеллодо» Дездемонанын, «Манастын уулу Семетейде» Каныкейдин, «Мунабияда» Мунабиянын, «Ханышанын көз жашында» Ханышанын жана башка ушул өңдүү көптөгөн каармандардын образын театр сахнасында терең ачып берген.

Ал эми кинодогу жолу 1958-жылы «Алыскы тоолордо» тасмасында Зиягүлдүн ролун аткаруу менен башталган. Бул тармакта да жемиштүү эмгектенип, «Караш-Караш окуясында» Хатшанын, «Уланда» Фатиманын, «Ак илбирстин тукумунда» Бегайымдын, «Акбаранын көз жашында» Көк Турсундун, «Курманжан Даткада» Курманжан Датканын жана башка образдарды тасма тарыхында калтыра алды.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM