Биз менен байланышыңыз

Мартта күйүүчү май кымбаттайт

Март айында күйүүчү майга болгон баалар 10 пайызга чейин кымбаттайт.

Кыргызстандын Мунай ташуучулар биримдиги быйыл март айында күйүүчү-майлоочу май 9-10%га кымбатташы мүмкүн экенин эскертти. Буга Орусиянын мунай базарында чийки мунайдын кымбатташы себеп болот.

Эл аралык Валюта фонду да дүйнөлүк экономиканын калыбына келишине байланыштуу 2021-жылы мунайзаттын баасы 20% га көтөрүлөт деп болжолдогон.

Дыйкандар өкмөттөн күйүүчү майга болгон бааны жөнгө салууну өтүнүп жатышат. Себеби пандемияда көп иш токтоп, эми гана жандана баштаган экономикалык абалды эске алганда, күйүүчү майдын баасына 1 сом кошулcа да, дыйкандын чөнтөгүнө таасир этет. Баткен облусунун Лейлек районунун Андарак айылынын тургуну Кыдырали Тойчубаев айылда бензин тартыш экенин айтууда.

-Азыр бизде күйүүчү майдын баасы — 40 сом. Эгер мартта 10 пайызга кымбаттаса, анда 44 сомго чыгат. Мисалы, биздин эки айылда жазгы айдап-себүү мезгилинде 400 гектардай жерге 30 литрден эсептегенде, 100 тоннага чейин солярка кетип калат. Күйүүчү майды 44 сом менен сатып алсак, анда жарым млн сом чыгымга учурайбыз. Ушул тапта Лейлектин үч эле жеринде күйүүчү май куйган станция иштеп жатат, башка жакта бензин, солярка жок. 

Кыргызстандын Мунай ташуучулар биримдигинин аткаруучу директору Канат Эшатовдун маалыматында, быйыл Эл аралык валюта фонду дүйнөлүк экономиканын калыбына келишине байланыштуу мунайзаттын баасы 20% га көтөрүлөт деп болжолдогон.

Мындан тышкары, 2020-жылы Орусиянын заводдорунда мунайды кайра иштетүүнүн көлөмү олуттуу түрдө азайган. Жыл сайын жазгы талаа жумуштарын баштоонун алдында мунайга болгон суроо-талап да жогорулайт.

-Кыргызстанга күйүүчү май дээрлик толугу менен Орусиядан алып келинет. Казакстандан да ташып келүү боюнча келишим түзүлөт деп айтылган. Эгер ал келишим түзүлсө бажы алымы жокко чыгарылып, арзан ташылмак. Казак тарап менен сүйлөшүүлөр башталганына быйыл үч жыл болду. Ар кандай шылтоо менен эле аягына чыкпай жатат.

Көз карандысыз «GlobalPetrolPrices.com» иликтөө борборунун рейтингине ылайык, Кыргызстан бензиндин баасы боюнча 181 мамлекеттин ичинен 12-орунда турат. Дүйнөнүн импортко көз каранды өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда күйүүчү май эң арзан баада сатылат.

Рейтингге кирген алдыңкы жыйырмалыктагы өлкөлөрдүн баары — мунай өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар. Алар: Венесуэла, Сауд Арабиясы, Түркмөнстан, Кувейт, Катар, БАЭ, Иран, Казакстан, Нигерия жана башка мамлекеттер.

Ал эми ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн ичинен Казакстанда күйүүчү майдын баасы бизге караганда арзан. Себеби ал өлкөдө өзүнүн мунай өндүрүшү бар жана Казакстандын ички рыногу үчүн күйүүчү-майлоочу материалдардын баалары мамлекеттик бюджеттен каржыланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM