Биз менен байланышыңыз

Өзгөчө кырдаалдар министри БУУнун өкүлүнө ыраазычылык билдирди

Кыска кабар | 16 Фев 2021 | 507 | 0

Бүгүн, 16-февралда Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнү координациялоо боюнча топтун жыйыны өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жыйында Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик комитеттин ишин кароо, 2020-жылдагы биргелешкен иш-аракеттердин жыйынтыгын чыгаруу, ошондой эле кызматташуунун негизги артыкчылыктуу багыттары белгиленди. Иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын башчысы Андреа Баньоли да катышты.

Отурумдун жүрүшүндө министр Бообек Ажикеев БУУнун өкүлүнө Өкмөттүн жана министрликтин атынан коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү жана анын кесепеттерин жоюудагы жардамы үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, аталган уюмдун пандемияга байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө натыйжалуу механизм болгонун белгиледи. Ошондой эле Андреа Банольи министрликтин «Ыраазычылык каты» менен сыйланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM