Биз менен байланышыңыз

Эки жыл мурун унаа уурдаган шектүү колго түштү

Без рубрики , Кыска кабар | 16 Фев 2021 | 478 | 0

Ички иштер министрлигине караштуу Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы унаа уурдоого шектүү жаранды колго түшүрдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

2019-жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы үйлөрдүн биринин астында токтоп турган ак түстүү «Субару Легаси» унаасы уурдалган. Унаанын ээси шаардык милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, 586 миң сом зыян тартканын билдирген. Кийинчерээк аталган унааны кимдир бирөөлөр транзиттик номер аркылуу Грузияга чыгарып кеткени белгилүү болгон.

Аталган иш Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Унаа уурдоо) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Жасалган кылмыш ишине шектүү катары Жалал-Абад облусунун 1994-жылы туулган тургуну аныкталып, ошол жылдын декабрь айында издөө жарыяланган.

Кылмышка шектүү кечээ, 15-февралда Бишкектеги Көк-Жар конушунун Шоокум көчөсүндөгү үйдөн кармалды. Учурда ал Кара-Көл шаардык Ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөзүлүп берилди. Ал эми уурдалган унаа азырынча табыла элек.

Кылмышка шектүү буга чейин да мыйзамсыз иштерди жасаганы үчүн сот жообуна тартылган, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосуна алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM