Кыргызгидромет билдиргендей, 17-февралда түнкүсүн жана күндүзү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0…+5, күндүз +16…+21,
Таласта түнкүсүн -1…+4, күндүз +16…+21,
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +18…+23,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9,
Нарында түнкүсүн -6…-11, күндүз +4…+9,
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +19…+21.