Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Түркиянын калемпири менен помидоруна тыюу салды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Фев 2021 | 617 | 0

Өзбекстан Түркиядан калемпир менен помидорду алып келүүгө тыюу салды. Мындай чечим бул жашылчалардан вирустун табылгандыгына байланыштуу кабыл алынды.

11-февралда Түркиянын карантиндик жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча улуттук уюмуна Өзбекстанга жөнгө салынуучу продукцияны ташып келүүдө белгиленген фитосанитардык талаптардын бузулгандыгы жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн.

«Уздавкарантин» инспекциясы тарабынан Түркиянын Бурса аймагынан алынып келинген 85 кг помидордун уруктарынан «күрөң бырыш вирусу» табылды», — деп билдирди инспекциянын басма сөз кызматы.

Буга байланыштуу помидор менен калемпирдин уруктарын Бурса аймагынан экспорттоого убактылуу чектөө киргизилди.

Бүгүнкү күнгө чейин инспекцияга Түркиянын компетенттүү органы жооп бере элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM