Биз менен байланышыңыз

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

Кыска кабар | 16 Фев 2021 | 443 | 0

Бүгүн, 16-февралда өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаайт. Мындан улам тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык,

  • Каракол–Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 64-90-чакырымдарында,
  • Бишкек–Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),
  • Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 74-115-чакырымдарында,
  • Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу)
  • Красная Горка–Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү мүмкүн.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM