Биз менен байланышыңыз

Сугат каналдарын оңдоого, тазалоого бюджеттен 162 млн сом каралды

Кыска кабар | 16 Фев 2021 | 389 | 0

Быйыл сугат каналдарын оңдоо жана тазалоо иштерине 162 миллион сом каралган. Анын 30 миллион сому каржыланды. Калган сумма 2021-жылдын 1-майына чейин которулат. Бул тууралуу Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, республиканын ирригациялык каналдарын реконструкциялоо үчүн 650 миллион сом талап кылынат.

Айыл чарба багытындагы жерлерди инвентаризациялоо иштери бүттү, эми өкмөттүн тиешелүү токтому менен бириктирилиши керек.

Инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча 94 миң гектар сугат жер жана 2,2 млн гектар жайыт жер кошумча аныкталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM