Жаныбек Жалалов Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Буга чейин Жаныбек Жалалов Баткен облусунун губернатору, Баткен шаарынын мэри, өкүлчүлүктүн аппарат жетекчиси болгон. Мындан тышкары Жогорку Кеңеште да иштеген.