Биз менен байланышыңыз

Мөөнөтү өткөн товарларды саткандарга канча айып салынат?

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Фев 2021 | 803 | 0

Колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен товарларды сатуу керектөөчүлөрдүн укугун бузууга кирет. Мындай товарлар сатылган учурда «Бузуулар» кодексине ылайык, юридикалык жактарга 17 миң сом, жеке жактарга 5500 сом айып салынат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин керектөөчүлөрдүн укугун коргоо башкармалыгынын башкы адиси Зарина Кулмуратова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мыйзамдарда көрсөтүлгөндөй азык-түлүктөрдүн баасы 20%га чейин көтөрүлсө, агенттик көзөмөл жүргүзүп, наркын жогорулаткан сатуучуларга айып салынат.

Карантинде жогорудагыдай көрүнүштөр боюнча юридикалык жактарга 17, жеке жактарга 3500 сом айып салынган. Ал эми учурда азык-түлүктүн бааларына мамлекеттик көзөмөл жок.

Кулмуратова мындан сырткары, дүкөндөргө «товар кайтарылбайт» деген жазуулардын илиниши мыйзамга дал келбей турганын эске салды.

“Кыргызстан ЕАЭБдин “кара тешигине” айланды”

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM