Биз менен байланышыңыз

«Былтыр керектөөчүлөрдүн 258 арызы каралды»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Фев 2021 | 476 | 0

Өткөн жылы Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинде керектөөчүлөрдүн 258 арызы каралып, анын негизинде 318 эскертүү берилип, алардын 311и аткарылды.  Бул тууралуу аталган агенттиктин керектөөчүлөрдүн укугун коргоо башкармалыгынын башкы адиси Зарина Кулмуратова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Көбүнесе техникалык товарлар боюнча арыздар келип түшөт. Алар 14 күндүн ичинде Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинде каралып, чечим чыгарылат. Эгерде товар иштетилген эмес болсо, жаңысына алмаштырууга же акчасын кайтарууга жардам беребиз. Сатуучу мыйзамдын талаптарын аткарбаган учурда биздин агенттик эскертүү берет. Ага да болбосо, «Бузуулар» кодексине ылайык, жарандарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынат», — дейт Кулмуратова.

Анын айтымында, «Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо» мыйзамына ылайык, сатылып жаткан товарлар же көрсөтүлгөн кызматтар сапаттуу болушу керек. Мындан сырткары адамдын ден соолугуна, айлана-чөйрөгө коопсуз товарлар гана сатылышы шарт.

Дүкөндөргө «сатылган товар кайра алынбайт» деген жазуулар мыйзамга дал келбейт.

Маалыматка ылайык, кийим саткан тараптардан да бузуулар көп катталат. Мындан тышкары курулуш ишканалары боюнча да арыздар көп түшөт. Негизинен үйлөр көрсөтүлгөн мөөнөттө салынбайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM