Португалиялык атактуу фуболчу Криштиану Роналдунун социалдык тармактардагы баракчаларына 500 миллиондон ашык адам катталып, жогорку көрсөткүчкө жеткен алгачкы адам катары белгиленди. Бул тууралуу «Bleacher Report» спорттук кабарлар сайты жазды.
Маалыматка караганда, Рональдунун Instagram баракчасына 262 млн, Facebook баракчасына 148 млн 139 млн 280, Twitter баракчасына 91 млн адам катталган.
Криштиану Рональду дүйнөдөгү эң кымбат 5 алдыңкы футболчунун катарына кирет. Ошол эле учурда Португалиянын спорт тарыхында эң көп гол киргизген футболчу катары белгилүү. Европанын дүйнөлүк чемпионаттарда «Мыкты чабуулчу», «Мыкты оюнчу», «Мыкты бомбардир» наамдарын, «Алтын топ», «Алтын бутса» алган. Учурда «Ювентус» клубунда ойнойт жана Португалия курама командасынын капитаны.
Акбар
15.02.2021 13:33
Реал Мадридде ойнобойт, Ювентуста ойнойт. Спорт кабарчыларына спорттон тушунугу бар бироолордон койсо…
Бахар Хакимова
15.02.2021 14:56
Рахмат! Оңдолду.