Биз менен байланышыңыз

Париждеги Эйфел мунарасы алтын түскө боёлот

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Фев 2021 | 639 | 0

2024-жылы боло турган Олимпиада оюндарына даярдануу максатында Париждеги Эйфел мунарасы 130 жылдык тарыхында кеңири реконструкцияланат.

1968-жылдан бери биринчи жолу мунара дат баскан күрөң түстөн алтын өңгө боёлот.

«Time Out» маалымдагандай, 2019-жылы башталган жумушка 50 миллион евро сарпталат. Сырдоо иштери 2022-жылга чейин аяктап, андан кийин анын жанындагы сейил бакты масштабдуу реконструкциялоо пландалууда.

Бирок мунараны сырдаардан мурун 19 катмар эски боёкту алып салуу керек жана бул бүтүндөй конструкциянын салмагын бир кыйла төмөндөтөт.

Париждин негизги кооздугу 18 миң металл бөлүктөн турат, аларды 2,5 миллион такта бириктирип турат.

Эреже боюнча сырдоо үчүн 60 тонна боёк колдонулат. Мунара ар бир жети жылда бир жолу сырдалат, бирок сулуулук үчүн эмес, аны агрессивдүү атмосфералык таасирлерден коргойт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM