Биз менен байланышыңыз

«Coca-Cola» кагаз бөтөлкөлөрдү сынап жатат

Блог , Дүйнө , Кыска кабар | 14 Фев 2021 | 1682 | 0

«Coca-Cola» компаниясы пластиктен баш тарта алабы?

«Coca-Cola» узак мөөнөттүү стратегиянын алкагында кагаз бөтөлкөлөрдү сынай баштады жана пластиктен таптакыр баш тартууга ниеттенүүдө.

Кагаз бөтөлкөнүн алгачкы үлгүсү даниялык компания тарабынан берилген. Пластмассадан капкагы менен кагазды суюктукка эзилип кетүүдөн коргогон ички каптамасы гана жасалат.

Бирок эксперименттин түпкү максаты — 100% кайра иштетилүүчү, пластмасса кошулбаган, газдалган суусундуктардын басымына туруштук бере турган бөтөлкө иштеп чыгуу.

Бул тапшырма оңой эмес, бирок тамак-аш өнөр жайынын адистери демилгени колдоп, «Coca-Cola» 2030-жылга чейин таштандысыз өндүрүшкө өтүүнү пландап жатат.

Өткөн жылы «Break Free From Plastic» кайрымдуулук уюмунун маалыматы боюнча, «Coca-Cola» дүйнөдө таштандыны көп чыгарган өндүрүштөрдүн сап башына чыккан. Андан кийин «Pepsi» жана «Nestle» турат.

Басым астында

Даниянын «Paper Bottle» компаниясы «Paboco» кагаз идиштерин жасоо менен алектенет. Аларга газдалган суусундукка туруштук бере турган кагаз бөтөлкө жасоо тапшырмасы берилген. Мындан тышкары, бөтөлкө материалынын ийкемдүүлүгүн жогорулатуу милдети коюлду. Бул бөтөлкөгө ар кандай бренддер менен байланышкан формаларды жасоого жана бекем этикеткаларды басып чыгарууга мүмкүндүк берүү үчүн керек.

7 жылдык талыкпаган эмгектин натыйжасында, компания ушул жайда «Coca-Cola’нын» «Adez» аттуу жемиш суусундуктары куюлган жаңы кагаз бөтөлкөнү сынап көрмөкчү. Тесттер Венгрияда өткөрүлүп, 2 миң бөтөлкө суусундукту жергиликтүү соода түйүнү аркылуу сатуу пландаштырылууда.

Даниялыктар «Coca-Cola» менен гана өнөктөш эмес. Белгилүү шведдик «Absolut» арак чыгарган компаниясы да 2 миң бөтөлкө газдалган малина суусундугун Швеция менен Улуу Британияда кагаз идиште сатууну көздөп жатат.

Суусундуктардын гиганты «Carlsberg» сыраны кагаз идиштерде сатууну каалайт.

Бул пластикпи?

«Pabocoнун» коммерциялык директору Майкл Микелсен жаңы бөтөлкөлөрдүн бышыктыгын камсыз кылуу үчүн бир гана кагаздан жасоо мүмкүн эместигин айтты.

«Бул жер табышмак», — дейт ал. Бул өндүрүш ыкмасында жипчелердин ортосундагы байланыш күчтүү бойдон кала берет жана жыртыла турган тигиштер түшпөйт.

«Coca-Cola» жана «Absolut» компаниялары алгачкылардан болуп, кагаз бөтөлкөлөрүн ташып жеткирүү жана чекене сатуу боюнча жаңы технологиянын канчалык чыдамдуу экендигин сыноодон өткөрөт.

«Биздин бөтөлкөлөрдү кантип сынап көрүү керектигин жакшы түшүнөбүз. Кантсе да, кээде чиймеден практикага өтүүгө туура келет, туурабы? Ошондуктан иш жүзүндө кандай колдонуларын байкап көрүп, андан сабак алуу маанилүү», — деди Микелсен.

Тесттер ийгиликтүү өткөн күндө да, пластиктен баш тартуу оңой эмес. Азыр инженерлер кагаз бөтөлкөлөргө желим капкактарды калтырып жатышат, бул болсо иштеп жаткан конвейерлерде өндүрүүнү камсыз кылат. Бирок убакыттын өтүшү менен бардыгы кагазга өтүшү керек.

Узак мөөнөттүү эффект

«Packaging Europe» санарип журналынын чыгаруучусу Финн Слейтер кагаз бөтөлкөлөр ийгиликтүү сыналса да, алар бир топ убакытка чейин «жашырынып» жүрө берерин ырастайт.

Анын айтымында, желим бөтөлкөлөр тамак-аш өнөр жайынын ажырагыс бөлүгү бойдон калууда жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө ийгиликтүү кайра иштетилген.

«Ушул деңгээлге жетүү үчүн учурдагы инфраструктураны өзгөртүү керек. Бул кыйын. Ошондой эле, бааны унутпоо керек: желим бөтөлкөлөр арзан жана ыңгайлуу. Алар биринчи кезекте, кошумча нарк салыгы салынган продукциянын тар диапазону үчүн колдонулушу керек. Материалдарды кайра иштетүү маселесине келсек, атаандаштык абдан көп жана бул табигый нерсе. Ар бир ийгиликтүү инновация тигил же бул материал үчүн жаңы жетишкендиктерди ачып гана тим болбостон, таштандыларды кайра иштетүүгө болгон суроо-талапты көбөйтөт жана көмүр кычкыл газынын чыгарылышынын азайышына алып келет», — деди Слейтер.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM