Биз менен байланышыңыз

Япония коронавируска каршы эмдөөдө «Pfizer» вакцинасын колдонот

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Фев 2021 | 451 | 0

Япониянын Саламаттыкты сактоо министрлиги өз өлкөсүн коронавируска каршы эмдөө үчүн Американын «Pfizer» вакцинасын колдонууга расмий уруксат берди. Бул тууралуу «Киодо» басылмасы жазды.

Япониянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин эксперттер тобу ушул жуманын башында «Pfizer» вакцинасын жактырган. Министр Норихиса Тамура вакцина менен 16 жаштан жогоркулар эмделерин, эки эмдөөнүн аралыгы үч жумадан болорун маалымдады.

«Pfizer» вакцинасынын алгачкы партиясы 12-февралда эртең менен Брюсселден Токионун «Нарита» аэропортуна келген. Маалым болгондой, бул партия болжол менен 400 миң дозадан турат.

Японияда эмдөө 17-февралдан тарта башталат. Алгачкы эмдөө 20 миңге жакын медициналык кызматкерге жасалат. Андан кийин гана калктын башка катмарына жайылтылат.

Март айында өлкө боюнча 3,7 миллионго жакын саламаттыкты сактоо кызматкери вакцинаны алышы керек. Андан кийин апрель айында, 65 жаштан жогорку карыларды эмдөө мерчемделүүдө.

Ошол эле учурда Япониянын Саламаттыкты сактоо министри Норихиса Тамура «Pfizer» вакцинасын бир ампуладан алты дозага алууга атайын ийненин жетишсиздигин жарыялады. Япон шприцтери аркылуу алганда бир ампула беш гана дозага жетет. Буга байланыштуу Япония болжолдонгон 72 миллион жаранды эмес, 60 миллионго жакын адамды гана эмдей алышы мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM