Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Акыйкаттык үчүн» тынчтык жөө жүрүшү өтүп жатат

Кыска кабар | 14 Фев 2021 | 680 | 0
Азаттык

Бишкекте «Адилеттүүлүк үчүн» тынчтык жөө жүрүшү өтүп жатат. Иш-чаранын катышуучулары президент Садыр Жапаровдон жемкорлорду жоопко тартып, адилетүүлүктү орнотууну талап кылды.

Журналист Али Токтакунов Матраимовдор бийликти чынжырга айлантып алганын, Жапаровду ушул күнгө чейин сындабай келгенин, мурдагы президенттер кландардын айтканынан алыстай албай, элдин нааразычылыгына калганын эске салды.

«Биз уурдатып жатабыз. Садыр Жапаров коррупционерлерди тыйыңыз. Райым Матраимовду тыйгыла. Азыр аянтты көздөй жөнөйбүз. Ал жерде маркум журналист Улан Эгизбаевди эскеребиз. Биз маданияттын үлгүсүн көрсөтүшүбүз керек», — деди Токтакунов.

Жөө жүрүштүн катышуучулары «Акыйкат орносун» деген ураан менен борбордук «Ала-Тоо» аянтын көздөй бет алды.

Уюштуруучулардын катарында «Баштан башта» кыймылынын өкүлү Улан Үсөйүн ар жекшемби күнү тынчтык жөө жүрүштөрү улантыларын, кийинки аптада чек ара маселеси көтөрүлөрүн кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM