Биз менен байланышыңыз

Mercedes 1,3 миллиондон ашык автоунаасын чакыртып алат

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Фев 2021 | 569 | 0

Mercedes-Benz 1,3 миллиондон ашык унааны чакыртып алат. Бул кадам унаадагы ыкчам чакыруу тутумунун иштебей калгандыгына байланыштуу.

«Associated Press» агенттиги АКШнын расмий өкүлдөрүнө шилтеме берип кабарлагандай, буга чейин Германиянын компаниясына автоматташтырылган тутум Европада жол кырсыгына кабылган унаанын жайгашкан жери жөнүндө тез жардам кызматтарына туура эмес билдирүү жөнөткөн деп айтышкан.

Компания бул иш боюнча 2019-жылдын октябрь айында тергөө иштерин жүргүзүп, башка ушул сыяктуу окуялар болгонун аныктады. Компаниянын өкүлүнүн айтымында, бирок АКШда мындай учурлар катталган эмес.

Компаниянын CLA, GLA, GLE, GLS, SLC, A, GT, C, E, S, CLS, SL, B, GLB, GLC сыяктуу моделдерин камтыган 2016-жылдан 2021-жылга чейин чыгарылган автоунаалары кайра чакыртып алынат. Daimler Vance ошондой эле 2016-2020 Metris жана 2019-2020 Sprinter моделдерин чакыртып алгандыгын жарыялады.

Мындан тышкары Мерседес автоунаанын ичиндеги программалык камсыздоону акысыз жаңыртып турат. Унаалар 6-апрелден баштап кайтарылып берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM