Биз менен байланышыңыз

Британияда коронавируска каршы вакцина балдарга сыналат

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Фев 2021 | 390 | 0

Оксфорд университети «AstraZeneca» компаниясы менен биргеликте, 6 жаштан 17 жашка чейинки балдарга коронавируска каршы вакцинаны сынап жатат. Бул тууралуу университеттин сайтында маалымдалды.

Университет Лондон, Саутгемптон жана Бристоль шаарындагы борборлордо «ChAdOx1 nCoV-19» вакцинасынын коопсуздугу боюнча изилдөө иштерин жүргүзүп жатат. Буга чейинки тесттер чоңдор үчүн коопсуз экендиги көрсөтүлгөн.

Сыноолорго 300 ыктыярчы катышат. Алгачкы эмдөө февраль айында жүргүзүлөрү айтылууда.

Буга чейин «AstraZeneca» компаниясы «AZD-1222» жана Орусиянын «Sputnik V» вакцинасын биргелешип текшерип баштаганын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM