Биз менен байланышыңыз

Март айынан баштап 20 авиакомпания ковид-паспорт тутумун киргизет

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Фев 2021 | 608 | 0

Март айынан баштап дүйнөнүн 20 авиакомпаниясы ковид-паспорт (Travel Pass) тутумун киргизүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу «Tengritravel.kz» билдирет.

«Emirates», «Etihad», «British Airways», «American Airlines, Singapore Airlines», «Lufthansa» жана башка ири авиакомпаниялар Эл аралык аба транспорту ассоциациясы (IATA) тарабынан сунушталган Travel Pass тиркемесин колдонууга уруксат бергендердин катарында.

IATA тиркеме чек аралардын коопсуздугун камсыз кылат деп эсептейт жана дагы 30-40 авиакомпания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

«Биз коопсуз эл аралык каттамдарды калыбына келтирүүнү каалайбыз. Башка өкмөттөргө саякаттоонун коопсуздугун көрсөткүбүз келет», — деди ассоциациянын коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Алан Хайден.

IATA авиакомпанияларды өз колдонмолоруна Travel Pass колдонмосун кошууга чакырат.

Колдонмодо жүргүнчүлөр сапар алдында кандай анализдерди, вакциналарды жана башка чараларды көрүшү керектиги жөнүндө маалымат камтылган. Колдонуучулар ден соолукка байланыштуу документтерди арызга киргизип, авиакомпанияга жана иммиграция кызматтарына тапшыра алышат.

Ковид паспортун колдонууга киргизүүнү 2020-жылдын август айында Гонконгдун Аткаруу Кеңешинин мүчөсү Бернард Чан сунуш кылган. IATA карантиндин ордуна ковид-паспортту эң мыкты чара деп эсептейт. Бирок ЕБ бул маселе боюнча бир пикирге келе элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM