Биз менен байланышыңыз

Бишкекте азык-түлүк жарманкелери бүгүн да уланат

Кыска кабар | 14 Фев 2021 | 639 | 0

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги салтка айланган жарманкелерди өткөрүүнү улантат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Айыл чарба продукцияларына багытталган жарманке бүгүн, 14-февралда Түштүк Магистраль — Нуркамал Жетикашкаева көчөлөрү кесилишкен (12 кичирайон) аймакта өтөт.

Маалыматта уй эти 400-405 сомдон сатылары айтылат. Мындан сырткары азык-түлүктүн баасы базар баасынан 10-15%га төмөн болору күтүлүүдө.

Жарманкеге продукциясын алып келе турган компаниялар 0704 25 25 55, 0222 55 55 21, 0500 04 80 49 номерине кайрылса болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM