Биз менен байланышыңыз

COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок

Кыска кабар | 14 Фев 2021 | 421 | 0

Бир сутка ичинде пневмонияны эсепке алганда коронавирус инфекциясы 34 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штаб билдирди.

Вирустун жаңы табылган учурлары төмөнкү аймактарда катталды:

  • Бишкек — 19
  • Чүй облусу — 2
  • Ош облусу — 2
  • Нарын облусу — 6
  • Ысык-Көл облусу — 5

Илдет илээштиргендердин бирөө — медицина кызматкери. Ал эми бир суткада үй карантининен 1 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 4196 учур катталды, алардын ичинен 4118 медкызматкер сакайды.

Акыркы суткада 69 бейтап COVID-19 илдетинен сакайып чыкты:

  • Бишкек — 21
  • Ош — 3
  • Чүй облусу — 19
  • Ош облусу — 3
  • Нарын облусу — 5
  • Ысык-Көл облусу — 10
  • Жалал-Абад облусу — 2

COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок.

Коронавирус жуктургандардын жалпы саны 85 475ке жетти. Анын 82 253ү сакайып чыкса, 1441 бейтап каза тапты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM