Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүн жаңы түзүмү. Анда кандай өзгөрүүлөр болот?

Кыска кабар | 13 Фев 2021 | 2983 | 0

Премьер-министр Улукбек Марипов «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө» токтомго кол койду.

Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу максатында өкмөт токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:

— Экономика жана финансы министрлиги Экономика министрлигинин жана Финансы министрлигинин базасында;

— Коргоо министрлиги Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын базасында;

— Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Саламаттык сактоо министрлигинин жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин базасында;

— Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги Транспорт жана жол министрлигинин жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин базасында.

2. Төмөнкүлөр өзгөртүп түзүлсүн:

— Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, мында туризм чөйрөсүндөгү функциялар тиешелүү штаты, финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен Экономика жана финансы министрлигине өткөрүп берилсин;

— Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине, мында Экономика жана финансы министрлигинен региондук өнүктүрүү чөйрөсүндөгү функциялар тиешелүү штаты, финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берилсин;

— Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Энергетика жана өнөр жай министрлигине;

— Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматына;

— Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке;

— Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Суу ресурстары мамлекеттик агенттигине, мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти тиешелүү штаты, финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин карамагына өткөрүп берилсин;

— Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке;

— Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине;

— Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик Энергетика жана өнөр жай министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке;

— Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Токой чарба мамлекеттик агенттигине, мында экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү функциялар тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүп берилсин;

— Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Региондук өнүктүрүү мамлекеттик агенттигине, мында этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү функциялар тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине өткөрүп берилсин;

— Мамлекеттик салык кызматы Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Мамлекеттик салык кызматына;

— Мамлекеттик бажы кызматы Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Мамлекеттик бажы кызматына;

— Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына;

— Мамлекеттик миграция кызматы Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Мамлекеттик миграция кызматына, мында тышкы миграция чөйрөсүндөгү функциялар тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Тышкы иштер министрлигине өткөрүп берилсин;

— Мамлекеттик каттоо кызматы, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынан тышкары, Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Мамлекеттик каттоо кызматына;

— Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына;

— Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына;

— Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясына);

— Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына;

— Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматка;

— Жогорку аттестациялык комиссиясы Билим берүү жана илим министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Жогорку аттестациялык комиссиясына;

— Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга;

— Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга, мында:

ченөө бирдейлигин (метрологиялык көзөмөлдөө) камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын, мамлекеттик тууну жана мамлекеттик гербди даярдоо эрежелеринин талаптарынын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Экономика жана финансы министрлигине өткөрүп берилсин;

энергетика, өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын, геологиялык иштерди жүргүзүүнүн жана жер казынасын пайдалануунун, ошондой эле мунай продуктуларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттүү талаптардын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Энергетика жана өнөр жай министрлигине өткөрүп берилсин;

эмгек мыйзамдарынын, турак жай, коомдук жана өндүрүш имараттарында жол берилген ызы-чууга, термелүү кыймылына жана үн изоляциясына коюлуучу талаптардын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берилсин;

шаар куруу ченемдеринин, долбоордук чечимдердин, техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, курулуш-монтаждык иштерди жүргүзүүдө, объекттерди реконструкциялоодо техникалык мамлекеттик стандарттардын жана техникалык шарттардын, ошондой эле курулушу аяктаган объекттерди эксплуатациялоого кабыл алууну уюштуруунун, суу транспортунун жана сууда сүзүүчү каражаттардын, темир жол транспортунун, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын, айыл чарба, токой чарба тракторлорунун жана алардын чиркегичтеринин чөйрөсүндөгү техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине өткөрүп берилсин;

жер мыйзамдарынын, суу пайдалануунун, суу объекттерин жана суу чарба инфраструктурасын күтүүнүн, суу ресурстарын пайдалануунун талаптарынын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берилсин;

— Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна;

— Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго;

— Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна;

— Социалдык фонду Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Социалдык фондго;

— Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке.

3. Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасы тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын карамагына өткөрүп берүү менен “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасы деп кайра аталсын.

4. Өкмөттүн 2007-жылдын 6-июнундагы № 211 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды түзүү маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

— преамбуласындагы “Конституциясынын 73-статьясын” деген сөздөр “Конституциясын” деген сөз менен алмаштырылсын.

5. 2009-жылдын 10-мартындагы № 151 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын юридикалык жактын статусуна ээ болгон ведомстволук бөлүмдөрүнүн укуктук статусу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

— преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарынын юридикалык жак статусуна ээ болгон ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишин укуктук жөнгө салуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 11, 17 жана 25-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:”;

— 1-пунктунда:

төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

“- министрликтин алдындагы, мамлекеттик комитеттин алдындагы мамлекеттик кызмат;”;

жетинчи абзацындагы “мамлекеттик агенттикте жана мамлекеттик инспекцияда түзүлөт” деген сөздөр “мамлекеттик кызматта, мамлекеттик агенттикте жана мамлекеттик инспекцияда түзүлүшү мүмкүн” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

— 2-пунктунун экинчи абзацы “мамлекеттик агенттик” деген сөздөрдөн кийин “, мамлекеттик кызмат” деген сөздөр менен толукталсын.

6. 2012-жылдын 12-январындагы № 12 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында жана анын баш ийүүсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы иштей тургандыгы аныкталсын.”;

— 11-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

— 2-пунктунун “а” пунктчасында:

биринчи абзацындагы “мамлекеттик органдар,” деген сөздөр алып салынсын;

экинчи, үчүнчү жана алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.

7. Экономика жана финансы министрлиги министрликтер жана мамлекеттик комитет менен биргеликте бир айлык мөөнөттө штаттык бирдиктердин, түзүмдөрдүн жана мамлекеттик кызмат орундарынын тиешелүү ченемдерин эске алуу менен аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөө персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.

8. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери белгиленген тартипте:

— бир айлык мөөнөттө:

түзүмдөрүн жана штаттык ырааттамаларын ушул токтомго ылайык келтиришсин;

ушул токтомдон келип чыгуучу чечимдердин долбоорлорун, анын ичинде министрликтердин жоболорунун жана башкаруу схемаларынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин;

— финансылык, материалдык-техникалык каражаттарды андан ары пайдалануу менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн, ошондой эле ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдү кайра уюштуруу жана жоюу менен байланышкан иш-чараларды жүргүзүү боюнча комиссияларды түзүшсүн, тиешелүү жол-жоболорду аткарууну уюштурушсун;

— штатты өткөрүп берүүдө мамлекеттик кызматтын тиешелүү түрлөрүндө иштөө өзгөчөлүктөрүн сактоону эске алуу менен өткөрүп берилип жаткан функцияларды аткаруу үчүн ушул токтом күчүнө кирген күнгө карата тиешелүү кызмат орундарын ээлеген кызматкерлердин которулууга тийиш экендигин көңүлгө алышсын;

— бошотулган кызматкерлерди ишке орноштуруу боюнча чараларды көрүшсүн;

— өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;

— жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызматтарды үзгүлтүксүз көрсөтүүнү, тиешелүү мамлекеттик органга жүктөлгөн башка функцияларды аткарууну камсыз кылышсын;

— ушул токтомдон келип чыгуучу мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин;

— ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүшсүн.

9. Төмөнкүлөр белгиленсин:

— аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын кызматкерлерине, анын ичинде мамлекеттик органдарды тейлөөчү кызматкерлерге (техникалык тейлөөчү персонал, кенже тейлөөчү персонал) эмгек акы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен бекитилген тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ведомстволук бөлүмдөрдүн белгиленген эмгек акы төлөөнүн колдонуудагы шарттары боюнча төлөнө тургандыгы;

— ушул токтомду ишке ашыруу бекитилген штаттык сандын жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде ишке ашырыла тургандыгы;

— министрликтердин карамагына өткөрүп берилип жаткан административдик ведомстволордун жеткечилери министрликтерге баш ийген ведомстволук бөлүмдөрдүн жоболору бекитилгенге чейин өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууну уланта тургандыгы.

10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарын тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

11. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM