Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан бир суткада 2 адам каза болду

Кыска кабар | 13 Фев 2021 | 496 | 0

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 43 адамдан табылып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында бир жана Чүй облусунда бир адам каза болду.

Жаңы катталган учурлар: Бишкекте – 20 адамдан, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда – 4, Ош облусунда – 6, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 4, Жалал — Абад облусунда – 2, Баткен облусунда — 2 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 86 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Аймактар боюнча алсак, Бишкекте – 40, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 16, Ош облусунда – 6, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 3 киши коронавирустан айыгып чыкты.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 425 бейтап, амбулатордук түрдө 457 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча бир медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Ал Ысык-Көл аймактык ооруканасынын дарыгери экендиги айтылды.

«Стационардан 1 медик, үй карантининен 3 медкызматкер айыгып чыккан. Пандемия башталгандан бери 4 миң 195 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 117 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 441 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 184 киши айыгып чыкса, 1 миң 441 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM