Биз менен байланышыңыз

Маданият министрлиги жыл жыйынтыгын чыгарды

Кыска кабар | 13 Фев 2021 | 644 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кеңейтилген курамда жыл жыйынтыгын чыгарган коллегия өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Коллегияны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев ачып, 2020-жыл ичинде жасалган иш-аракеттер жана 2021-жылы жасала турган артыкчылыктуу багыттарга токтолду.

Кеңейтилген коллегияга Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн аппаратынын өкүлдөрү, министрликтин борбордук аппараты, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөр, мекеме жетекчилери, маданият жана спорт тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү катышты.

Анда 2020-жылы дүйнө жүзүн каптаган короноварус инфекциясынан улам бир катар маданий иш-чаралар өтпөй калгандыгы айтылып, бирок ага карабастан, министрлик айрымдарын онлайн форматта өткөрүп, маданий иш-чаралардын деңгээли жана сапаты түшпөгөнү айтылды.

Пандемия шартында маданий мекемелер карантинге жабылганы менен кесиптик искусствону өнүктүрүү, китепкана, музей, театр, тарыхый маданий мурастар жана эл аралык байланыштар тармагынын иштери онлайн жана аралыктан үзгүлтүксүз иш алып баргандыгы белгиленди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM