Кыргызстан мусулмандарынын VII курултайы 2021-жылдын 5-апрелинде өтө турган болду. Аалымдар кеңеши мындай чечимди 11-февралдагы жабык эшик артындагы жыйынында кабыл алганын муфтият билдирди.
Жаңы жобого ылайык курултай 4 жылда бир өтөт. Делегаттар ачык добуш берүү менен муфтийди, аалымдар кеңешин жана текшерүү комиссиясынын төрагасын бекитет.