Биз менен байланышыңыз

Бишкекте журналист Эгизбаевди эскерген «Чындык» форуму өтүүдө

Кыска кабар | 12 Фев 2021 | 484 | 0

Бишкекте маркум журналист Улан Эгизбаевди эскерүү максатында «Чындык» форуму башталды.

Иш-чара «Интерньюс Кыргызстандын» #TRACK деп аталган иликтөөчү журналисттерди колдоо долбоорунун алкагында өтүүдө.

TRACK (Transparency through Reporting & Advocacy Campaigns in Kyrgyzstan) – бул жергиликтүү иликтөөчү журналисттерди колдоо, журналистиканы өнүктүрүү, коррупция менен күрөшүүгө коомду тартуу максатын көздөйт.

Белгилей кетсек, иликтөөчү журналист Улан Эгизбаев 2018-жылы жай айларында кырсыктап каза тапкан. Ал көзү тирүү болсо бүгүн 31 жашка толмок. Журналист Улан Эгизбаев «Бажыдагы коррупция», «Көрүстөндөгү жер саткандар» ж.б иликтөөлөрү менен кыргыз коомчулугуна белгилүү. Көзү өткөндөн кийин «Эрдик» медалы менен сыйланган. Ошондой эле бир катар эл аралык сыйлыктарга да татыган.

Уландын китеп текчеси

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM