Биз менен байланышыңыз

АКШ: Трампка жарыяланган импичмент боюнча соттук айыптоо жараяны аяктады

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Фев 2021 | 735 | 0

АКШ Конгрессинин Сенаттар палатасынын 11-январдагы отурумунда Трампка жарыяланган импичмент боюнча соттук айыптоо жараяны аяктады.

АКШ Башмыйзамына ылайык, прокурордун милдетин аткаруучу катары эсептелген демократ-сенаторлор 6-январда болгон козголоң Трамптын түздөн-түз көрсөтмөсү менен жасалган деген жүйөлөрдү келтиришти. Алар буга Трамптын Твиттер баракчасындагы билдирүүлөрүн, тарапташтарына жасаган видео кайрылууларын далил катары алып чыгышты.

Бүгүн, 12-январдан тарта Трамптын адвокаттарынын, тактап айтканда, республикачы-сенаторлордун жактоолору каралат. Алар: «Кызматтан кеткен президентке импичмент жарыялоо, аны Сенаттар палатасында кароо мыйзамсыз», — деген пикирлерин билдирип келишет. Буга каршы тараптар: «Импичмент жарыялоо Трамп президенттиктен кете электе жарыяланган, андыктан Башмыйзамды бузбайт», — деген жүйөлөрүн айтып келишет.

Белгилей кетсек, Өкүлдөр палатасы жарыялаган импичментти Сенаттар палатасында кароо жараяны 4 баскыч менен өтөт. Алгач анын Башмыйзамга туура келери, келбеси боюнча маселе каралат. Андан кийин эки жумушчу күн, тактап айтканда, 16 саат айыптоолор каралып, дагы 2 күн жактоолор угулат. Андан соң жалпы добуш берүүгө коюлат. Декларация 100 сенатордун 67синин колдоосун тапкан учурда Трампка импичмент жарыяланды деп эсептелет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM