Биз менен байланышыңыз

Акылдуу эсептегич: Асманга учкан 6 млн доллар

Экономика | 11 Фев 2021 | 1496 | 0

«Түндүкэлектр» мамлекеттик ишканасы Бишкек шаарындагы жана Чүй, Талас облустарындагы жалпы 588 миң абонентти электр тогу менен камсыздайт. Ошол эле маалда аны бөлүштүрүүдө 11,5 % энергия коротулат. Мындай ири жоготууну кыскартуу жана тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында 2012-жылдан баштап, акылдуу эсептегичтерди орнотуу иши башталган.

Эсептөөнүн автоматташтырылган тутумун киргизүү маселеси бул аптада Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде каралып, эл өкүлдөрү эсептегичтерди орнотуунун баштапкы этабындагы «Түндүкэлектрди» жетектеген кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу зарыл экенин айтышкан. Депутаттар «Түндүкэлектр» менен кытайлык «ZTE» компаниясы түзгөн келишим так аткарылбаганын белгилешип, бул боюнча ишти иликтеп чыгууну укук коргоо органдарына сунушташкан.

2010-жылы «Түндүкэлектр» ишканасы акылдуу эсептегичтин жабдууларын сатып алып орнотуу үчүн тендер жарыялаган. Андан уткан кытайлык «ZTE» компаниясы менен 6 млн долларлык келишим түзүлгөн.

Ишкананын башкы юристи Гүлдастан Арапбаеванын айтымында, компания келишимге ылайык, аппараттарды орнотуп берүүнү моюнга алып, бирок ишти кечеңдеткен. Абоненттердин колдонгон энергиясынан маалымат берип турган байланыштыруучу аппарат убакыттын өтүшү менен «заманбап эсептөөлөрдүн талабына жооп бербейт» деген негизде колдонуудан чыгарылган. Муну менен 6 млн долларлык келишим аткарылбай, аталган каражатты төлөө милдети кала берген.

2017-жылы ишкана менен компания соттошуп, анын натыйжасында кошумча келишим түзүлгөн. Келишимге ылайык, кытайлык компания жаңы, заманбап жабдууларды сатып бермей болгон. Ал эми мурда каралган 6 млн долларды төлөөдө «Түндүкэлектр» ишканасы 10 пайыз жеңилдик алган. Бирок «ZTE» компаниясы жаңы жабдуулардын тең жарымын азыркыга чейин алып келе элек.

«Ал жабдуулардын жарым-жартылайы келди. Бирок, анын да мөөнөтү өтүп кетти. 2017-жылы түзүлгөн келишим боюнча 120 күндө, кийнки этаптагы партияны 90 күндө алып келиши керек эле. Жабдуунун келиши кечикти. Келген жабдууларды орнотуп бүткөн соң, анан каражатты төлөп бермекпиз. Ишти кечеңдеткен соң, биз да акчасын төлөбөй койдук. Арадан 4 жыл өттү. Келген аппараттар да эскирди», — деди Арапбаева

Азыркы учурда 6 млн доллардын 2 млн 800 миң доллары төлөнгөн. Маалым болгондой, алынган жабдуулар мекеменин базасында азыркыга чейин сакталып турат.

Бул ишке байланыштуу 2017-жылы Финансы полициясы Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин негизинде «Түндүкэлектр» ишканасынын ошол кездеги жетекчиси Тынчтык Токтогуловго, андан кийинки жетекчиси Нурлан Кайдуевге кылмыш ишин козгогон. Бирок, 2018-жылы «мөөнөтү эскирди» деген негизде иш кыскарууга кеткен.

Ал ортодо иш создугуп, 10 жыл аралыгында ишкананын карамагындагы 588 миң абоненттин 206 миңине гана эсептегич коюлган. Ал эми жалпы өлкө боюнча 1 млн 435 миң абонент болсо, анын 227 миңинде гана заманбап эсептегич бар.

Copyright © 2017 Maral FM