Биз менен байланышыңыз

Аламүдүн районундагы жарылуудан дагы 2 адам жаракат алган

Кыска кабар | 11 Фев 2021 | 565 | 0

Аламүдүн районундагы турак үйдө болгон жарылуудан 79 жаштагы карыя менен 13 жаштагы өспүрүм да жабыркаган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

79 жаштагы карыя Ортопедия жана травматология илимий изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнө алынды.

Ал эми 13 жаштагы өспүрүм Бишкек шаардык №3 балдар ооруканасынын травматология бөлүмүндө дарыланууда.

Эске салсак, бүгүн Аламүдүн районундагы турай үйдө газ түтүгү жарылып, кырсыктан 14 жашар өспүрүм көз жумган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дагы бир жаран жабыркап, ооруканага жаткырылганын кабарлаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM