Биз менен байланышыңыз

Матраимовго соттук өкүм чыгып, дагы 260 миң сом айып салынды

Кыска кабар | 11 Фев 2021 | 643 | 0

Бүгүн, 11-февралда Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовду коррупцияга күнөөлүү деп айыптап, 260 миң сом айып салды.

Судья Гүлзат Дыйканбаева Жазык кодексинин 319-беренесиндеги 1-бөлүмү боюнча чыгарылган өкүмдү окуду. Ага ылайык, Матраимов жогоруда белгиленген сумманы төлөп бүткөн соң, өзүнүн жана жакын туугандарынын камакка алынган мал-мүлкү ээлерине кайтарылат. Аны менен бирге чет жакка чыкпоо боюнча тандалган баш коргоо чарасы күчүн жоготот.

«Баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, Бишкек, Ош шаарларындагы батирлери, «Карвен 4 сезона» коттеджи, Лексус унаасы, Матраимовго жана анын туугандарына катталган банктык эсептер, банк ячейкалары камактан чыгарылсын», — деп айтылат соттун чечиминде.

Эске салсак, Райым Матраимов өткөн жылдын 20-октябрында бажы тармагындагы коррупциялык иштери боюнча айыпталып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалган.

Ал тергөө менен келишип, мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды толтурууга макул болгону үчүн Биринчи май райондук соту Матраимовдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, өлкөдөн эч жакка чыкпоо боюнча тил каттын негизинде сот залынан бошоткон. Ал өзүнө салынган 2 млрд сом айыптын 1,4 миллиард сомун накталай которуп, калган 600 миллион сом үчүн бир соода борборун жана 9 үйүн берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM