Биз менен байланышыңыз

Талас облусунан жеке ишкер пара берип жатып кармалды

Кыска кабар | 11 Фев 2021 | 699 | 0

Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын жетекчисине пара берип жаткан жеринен Э.Р.А. аттуу ишкер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер автоунаа оңдоо жана унаа тетиктерин сатуу жайындагы бааларды мыйзамсыз кымбаттатканын жашыруу үчүн Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын жетекчисине 50 миң сом сунуштаган. Аталган сумманын бир бөлүгүн берип жаткан жеринен колго түшүрүлдү.

Кармалган адам Талас облустук Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM