Биз менен байланышыңыз

Аалымдар кеңешинин кезексиз жыйыны өтүүдө

Кыска кабар | 11 Фев 2021 | 686 | 0

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши бүгүн, 11-февралда кезексиз жыйын өткөрүп жатат. Бул тууралуу аталган кеңештен жеке булактар маалымдады. Ага ылайык, жыйын жабык өтүп жатат.

Отурумда ажылыктын акчасы боюнча тиешелүү тарап маалымат берилери да айтылууда.

Белгилей кетсек,УКМК 10-февралда муфтият ажылык үчүн топтолгон акчаны жеке финансы компанияларына берип, ай сайын пайызын алып турушканы аныкталганын маалымдаган. Бул ишти жашыруу үчүн муфтияттын эсепчиси Ж.Б. УКМК кызматкерлерине 100 миң доллар пара сунуштаганы айтылат.

10-февраль күнү муфтий Максатбек ажы Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Ошол эле күнү кечинде ал дагы УКМК тарабынан кармалып, камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM