Биз менен байланышыңыз

Билим берүү жана илим министрлиги 5 жылдык программа иштеп чыкты

Кыска кабар | 11 Фев 2021 | 1003 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги 2020-жылдын жыйынтыктоочу коллегиясын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Алмазбек Бейшеналиев министрликтин 2021-2025-жылдарга карата иштелип чыккан программасы менен тааныштырды. 5 жылдык программа билим берүү системасын, илимди жана инновацияны өнүктүрүүгө багытталган. Программада мектепке чейинки билим берүүдөн тартып жогорку кесиптик билим берүүгө чейинки ар бир баскычта билимдин сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу механизмдери камтылган:

Мектептик билим берүүнүн деңгээлинде:

-Билим берүүнүн жаңы мамлекеттик стандартын жана тарбия концепциясын иштеп чыгып, ишке ашыруу;
-Майып балдарга билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү;
-Кыргызстанда электрондук мектепти кеңейтүү — майып жарандарга, кыргызча окуууну каалаган этникалык кыргыздарга, мигранттардын балдарына жана башкаларга үйдөн чыкпастан билим алууга жана мамлекеттик үлгүдөгү тиешелүү документ алууга мүмкүндүк берүүчү система түзүү;
-Өлкөнүн мектептерин окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалаган «PISA» эл аралык программасына катыштырууга даярдоо;
-Мугалимдерди аттестациялоонун жаңыланган системасын киргизүү;
-Балдардын илимге болгон кызыгуусун жаратуу, алардын аң-сезимин өстүрүү үчүн «Агартуу паркын» түзүү;

Кесиптик билим берүү деңгээлинде:

-Башталгыч кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу куралын ишке киргизүү;
-Орто кесиптик окуу жайларга кабыл алуунун бирдиктүү санариптик платформасын түзүү;
-ЖОЖдордо чет элдик жарандарды кабыл алууда бирдиктүү санариптик платформаны түзүү;
-Жогорку жана атайын орто кесиптик билим берүүнүн мазмунун жаңылоо;
-Жаңы даярдоо багыттарын, анын ичинде тармактардын жана адистиктердин чектешкен багыттарын түзүү;
-Жогорку окуу жайлардын географиялык жайгашуусун эске алуу менен жогорку билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн теңдештирүү;
-Педагогика адистигинин бүтүрүүчүлөрүн көз карандысыз сертификациялоону киргизүү.

Илимдин жана инновациялардын деңгээлинде:

-Өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө илимдин салымын күчөтө турган илимий-инновациялык борборлорду түзүү;
-Илимий-изилдөө институттарын жана жогорку окуу жайларды интеграциялоо боюнча механизмдерди иштеп чыгуу;
-Жогорку окуу жайлардын базасында окуу-илимий-өндүрүштүк комплекстерди түзүү.

«Акыркы жылдары Кыргызстанда илимдин деңгээлинин өскөндүгү байкалды. Индекс боюнча алып карай турган болсок, КМШ өлкөлөрүндө Орусия жана Украинадан кийин эле биз турабыз. Бул — сыймыктана турган көрүнүш. Демек, туура саясат жүргүзсөк, жылыш сөзсүз болот. Андыктан, алдыбызда чоң жоопкерчилик турат. Аны сезип, өлкөнүн билим берүү тармагын жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн бирдиктүү саясат жүргүзөлү», — деген чакырык таштады министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM