Биз менен байланышыңыз

Каныбек Осмоналиев Маданият министринин кеңешчиси болуп дайындалды

Кыска кабар | 11 Фев 2021 | 582 | 0

Оор атлетчи, дүйнө чемпиону Каныбек Осмоналиев Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кеңешчиси болуп дайындалды.

10-февралда министр Кайрат Иманалиев Каныбек Осмоналиев менен жолугушуп, өлкөдө спортту жана дене тарбияны өнүктүрүү, жаш муундун социалдык жоопкерчиликтүү жүрүм-турумун калыптандыруу маселелерин талкуулашты.

Белгилей кетсек, Каныбек Осмоналиев 1980-жылдагы Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку жана Европанын эки жолку чемпиону.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM