Биз менен байланышыңыз

Коронавирустун 75 учуру катталып, бир бейтап каза болду

Кыска кабар | 11 Фев 2021 | 479 | 0

Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирус 75 адамдан табылып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте — 32, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 17, Нарын облусунда — 2, Жалал-Абад облусунда — 4, Талас облусунда — 2, Баткен облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 11 адамдан табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 83 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Коронавирустан жалпы 1 миң 437 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Ош облусунда 1 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда 427 бейтап, үй шартында 522 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 192 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 109 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 328 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 6 бейтап айыгып чыкса, 1 миң 437 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM