Connect with us

Беткап тагынуу — ар бир жарандын коом алдындагы жоопкерчилиги

Ден соолук , Коом | 11 Фев 2021 | 5668 | 0

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдө жарандар коомдук жайларда беткап тагынбай калганына тынчсызданып, мунун натыйжасы жаман боло тургандыгын, андыктан коомдук жайларда беткап тагынбаган жарандарга айып пул салуу сунушун өкмөткө киргизүү ниети бар экенин жергиликтүү радиолордун бирине берген маегинде айткан. Кыргызстанда коронавирус илдети аныкталгандан баштап эле беткап тагынуу, аралыкты сактоо, гигиенаны көзөмөлдөө керектиги айтылып келет. Бирок акыркы убакта көпчүлүк жарандар санитардык-гигиеналык эрежелерге көңүл кош мамиле кылганы байкалууда. 

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдиргендей, Кыргызстанда жалпы эпидемиялык абал туруктуу, вирустун жаңы учурлары эң көп Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталууда. Мындан сырткары акыркы убакта өлкөдө коронавирус жаш балдар арасында көбөйө баштаганы айтылып жатат. Ал ортодо Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 80 миңден ашты.

Министрдин айтымында, ал болгону Түркиядагы милдеттүү беткап тагынууну мисал кылып, коронавирустун алдын алуу үчүн коомчулукка аралыкты сактоону жана беткап тагынууну сунуштаган.

— «Азыр эпидемиялык туруктуулукту көзөмөлдөп жатабыз. Алдыда коронавирустун жаңы штаммдары келе жатат. Анын агрессивдүүлүгү 2,5 эсе көбүрөөк, ошол эле учурда бат тарайт. Мурдагы коронавируска караганда мунун жугуштуулугу 70%га көп. Мен мына ушул оорунун алдын алуу үчүн баягы эле беткап тагынууну, аралыкты сактоону, колду жууну сунуштап жатам. Мен башка өлкөнү мисал кылып келтирдим. Мен айып пул салууну киргизе албайм, элде акча жок экенин билип туруп, кантип киргизесиң? Беткап тагынуунун канчалык маанилүү экендигин болгону түшүндүрүп гана айтуу керек. Элди сактап калуу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги эч нерсе кыла албайт, чогуу иштейли, чогуу аракет кылсак, жетишкендикке чогуу жетебиз». 

Ошондой эле ал коронавирус оорусу аба аркылуу, сүйлөшкөндө шилекейдин чачырашы аркылуу 1,5 метр аралыктан да жуга турганын ар бири түшүнүп, аны токтотуп калууда беткаптын маанилүүлүгүн билүү зарыл экенин кошумчалады.

Акыркы учурда жаш балдар арасында пневмония күчөгөнү, 15 баладан кавасаки оорусу аныкталганы маалым. Демек, ата-энелер балдарын бала бакчаларга алып барганда, коомдук жайларда сөзсүз түрдө санитардык нормалары сакташы керек. Ошол эле учурда беткап тагынуу эрежелерин милдеттүү түрдө киргизсе жакшы болот, бирок ал нерсени жогорку жактагылардан баштоо керек. Мындай пикирин жаш дарыгер Эрмек Исмаилов билдирди.

«Беткап тагуу керекпи, такпоо керекпи десек, сөзсүз түрдө тагынуу керек. Бул эми жарандардын өздөрүнүн аң-сезимине байланыштуу, жарандык жоопкерчилигин сезип, эл өзү тагып баштаса жакшы болмок. Бирок ошого жогору жакта иштеген агайларыбыз үлгү болушу керек. Өздөрү беткап такпай туруп, «Айып пул төлөйсүңөр», — десе, туура эмес болуп калат. Айып пулдун өлчөмү да кымбатыраак болушу керек. «Такпасам, мынча айып пул төлөйт экем», — деп корко тургандай болушу керек. Эгерде 1000-2000 сом болсо, «Төлөп кое берем», — деп, жоопкерчиликти сезбей жүрө бериши мүмкүн.  Ошондуктан чет өлкөлөрдө 1000 долларга чейин айып пул төлөшөт экен.»

Мамлекет күч менен беткап тактыра албай турганын, жарандар аң-сезимдүү түшүнсө, өздөрү эле тагына турганын журналист, котормочу Бактыгүл Чыныбаева билдирди.

Анын айтымында, беткап тагынуунун маанилүүлүгү боюнча маалымат жетишсиздигинен улам болуп жатат.

«Коронавирустун жаңы штаммдары чыгып жатат. Негизи эле беткап тагынуу эл көп чогулган жерлерде милдеттүү болсо жакшы болмок. Айрыкча, соода борборлорунда. Анан мектеп, окуу жайлар азыр ачылып жатат. Бизде аралыкты сактоо да жок болуп жатат. Ошонун баарына көңүл бурулса болмок, бирок мамлекет аны күчтөп тактыра албайт. Азыр ар бир адам кааласа тагат, каалабаса такпайт.  Балким мамлекеттик телеканалдардан, социалдык медиадан кайрадан роликтерди жаңыртып, кайра көрсөтүп турса жакшы болот эле. Себеби адамдын акыл-эси кыска мөөнөттүү, бат эле унутуп калат экен. Мисалы, азыр Батышта коомдук жайларда милдеттүү түрдө беткап тагынып жатат. Бул туура. Себеби бир беткап өзү 5 сом турат. Эгерде ал оору жуктурса, дарысына 50-60 миң сом кетет. Мамлекеттин да, адамдын чөнтөгүнө зыяны тиет. Ошону мамлекет жөнөкөй тил менен түшүндүрсө жакшы болот эле. Бизде түшүндүрүү иштеринен аксап жатат окшойт».

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму акыркы иликтөөлөргө таянып, коронавирус көп жайылып жаткан аймактарда, социалдык обочолонуу эрежесин сактоо мүмкүн болбогон жерлерде беткап тагынуу коронавирустан коргонуунун эффективдүү жолу экенин билдирип келет. Вирустун жайылышы мүмкүн болгон коомдук жайларда, дүкөндөрдө, жумуш орундарда, мектептерде жана социалдык аралыкты жок дегенде бир метрдей сактоого мүмкүн болбогон жерлерде беткап кийүү сунушталат. Мындан тышкары уюм ар кандай аралыкта, желдетүү жетишсиз жерлерде беткап тагынып жүрүүгө кеңеш берет. 

Кошумчалай кетсек, дүйнөнүн бир канча өлкөсүндө көчөгө беткапсыз чыккандарга айып пул салуу киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM