Биз менен байланышыңыз

Музуралиев: «Түлөбаев бизди «кидать» этип койдубу?» деген ойлор болууда

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Фев 2021 | 528 | 0

Өткөн парламенттик шайлоодон кийинки башаламандыктардан соң, Бишкек мэриясы айыл өкмөткө айланып, каалагандар басып алууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Музуралиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Балбак Түлөбаевдин мэрлик кызматтан күтүүсүз кетиши — шаардык кеңештин депутттарына да түшүнүксүз болууда. Ал муну чыккынчылык катары баалады.

«Түлөбаев бизди «кидать» этип койдубу?» деген ойлор болууда. Ачыгын айтканда, президент Садыр Жапаровдун маалыматы жок туруп, Эрмек Нургазиев сыяктуу адамдардын кызматка коюлуп жатканына шаар тургундары нааразы болуп жатышат. Балким бул нерсе убагында макулдашылган чыгар. Бирок мунун баары туура эмес, башка мамлекеттер карап турат. Жапаров бул маселеге тереңирээк көңүл бурушу керек. Анткени калаа башчылык — айыл өкмөт башчылык деңгээл эмес», — дейт Музуралиев.

Ал белгилегендей, мыйзамга ылайык, шаардык кеңеш шайлоого 3 ай калганда мэрди шайлай албайт.

Жаңы мэр Бактыбек Кудайбергеновду ири көйгөйлөр күтүүдө.

Белгилей кетсек, 9-февралда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев өз арызы менен кызматтан кеткен. Анын ордуна Эрмек Нургазиев дайындалган. Бирок, кийинчерээк президент Садыр Жапаров Нургазиевге байланыштуу бир катар доолор бар экенин айтып, мындай адам мэрликке татыктуу эмес деген пикирин жазып чыккан.

10-февралда өкмөт башчы Улукбек Мариповдун буйругу менен Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп Бактыбек Кудайбергенов дайындалган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM