Биз менен байланышыңыз

Кыргыз эл артисти Сардарбек Жумалиев 80 жашка чыкты

Кыска кабар | 10 Фев 2021 | 1159 | 0

Кыргыз Республикасынын эл артисти, III даражадагы «Манас» орденинин ээси, белгилүү композитор, Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин дирижёру Сардарбек Жумалиев 80 жашка чыкты.

Композитордун туулган күнү менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев куттуктады.

Министр өз сөзүндө:

«Сиздин искусствого болгон сүйүүңүз жана кыргыз маданиятын өнүктүрүү үчүн көп жылдык эмгегиңиз жогору бааланат. Композитордун жана аткаруучунун көп кырдуу таланты, көөнөрбөс чыгармачыл күчү Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да кесиптештеринин арасында татыктуу таанылып жана терең урматтоого татыйт. Кыргызстанда сизди өз ишиңизди сүйгөн, күйүп-бышып, жаңы профессионалдык бийиктиктерди багындырууга талыкпай умтулган жогорку адамгерчилик сапатыңызды баалайбыз. Быйыл, 2021-жылы сиздин юбилейлик иш-чараңыз жогорку деңгээлде белгиленет», — деди.

Композитор, дирижер Сардарбек Жумалиев 1941-жылы Кант районунун Жар-Башы айылында туулган. Ал оркестр үчүн 100дөн ашуун чыгарма жаратып, 70тен ашуун кыргыз обончуларынын жана композиторлорунун обондорун оркестрге салган. Ошондой эле «Таң сыры», «Сары-Челек», «Сен менин жазылбаган ырларымсың», «Жаңы жылды тосолу», «Ысык-Ата Арашан», «Махабат Мекени», «Кетпейм сага жолукмайынча», «Бишкегим», Чүй облусунун «Сары Өзөн» гимни, «Кыргыз улуттук университетинин гимни», «Токой чарбасынын гимни», «Манас балдар мектебинин гимни», «Кыргызпатенттин гимни» сыяктуу бир катар обондордун автору.

Эл артисти Сардарбек Жумалиев 1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз ССРинин маданият жана адабият күндөрүнүн II декадасына катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM