Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда китеп белек берүүнүн эл аралык күнү белгиленет

Кыска кабар | 10 Фев 2021 | 1105 | 0

14-февраль Китеп белек берүүнүн эл аралык күнү быйыл Ош жана Бишкек шаарларында белгиленет. Бул тууралуу уюштуруучу Асель Абыкеева «Маралга» билдирди.

«Book Giving Day» иш-чарасынын максаты элге китепти белекке берүүнүн баалуу экендигин жайылтуу болуп саналат. Уюштуруучулардын айтымында, мындай саамалык былтыр да өткөрүлгөн. Быйыл да көпчүлүктүн суранычы менен кайрадан уюштурулууда.

Бишкектеги иш-чара Москва мамлекеттик университетинин илимий билим берүүчү мектеп-комплексинде саат 11:00дө башталат.

Ал эми Ош шаарындагы саамалык «ОлолоХауста» өтөт.

Китеп майрамына кирүү билети – китеп болуп саналат. Каалаган адамдардын баары үчүн эшик ачык. Иш-чаранын шарты боюнча катышуучулар бири-бирине китеп белекке беришет. Саамалыкты китеп мукабасын кооздоо, тез окуу боюнча чеберчилик сабактар коштойт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM