Биз менен байланышыңыз

Назира Дюшеева Билим берүү академиясынын президенти болду

Кыска кабар | 10 Фев 2021 | 644 | 0

Назира Дюшеева Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кыргыз билим берүү академиясынын президенти болуп дайындалды.

Буга чейин Билим берүү академиясын Алмаз Токтомаметов жетектеп келген болчу.

Назира Дюшеева — педагогика илимдеринин доктору, профессор. Ал 1995-жылы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин «Башталгыч класстардын мугалими; улуттук башталгыч класстардын орус тили мугалими» адистигинде аяктаган. 2005-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында «укук таануу» адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолу жогоруда аталган окуу жайда башталып, «Педагогика жана психология» кафедрасынын башчысына чейин жеткен.

2016-2021-жылдары – Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM