Биз менен байланышыңыз

Жапаров министр менен энергетика маселесин талкуулады

Кыска кабар | 10 Фев 2021 | 421 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-февралда, энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди кабыл алды.

Жолугушууда керектөөчүлөрдү электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыздоо, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоо жана өнөржай потенциалын көтөрүү боюнча чаралар талкууланды.

Ошондой эле энергокубаттуулукту генерациялоону арттыруу жана энергиянын кайра жаратуучу булактарын өнүктүрүү максатында азыркы жана алдыдагы мезгилде атамекендик энергосистеманын иштөө режими, республиканын энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды.

Министр Кубанычбек Турдубаев жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөрүүнү камсыз кылуу жана жалпы эле энергетика тармагы менен өнөр жайды өнүктүрүүнүн келечеги боюнча милдеттердин ишке ашырылып жаткандыгын маалымдады. Кубанычбек Турдубаев энергокызматтар өлкө керектөөчүлөрүн электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн күчөтүлгөн иш жүргүзүүгө даярдыгын белгиледи.

Садыр Жапаров жаңы энергетика кубаттуулуктарын ишке киргизүү, энергиянын кайра жаратуучу булактарынын потенциалын пайдалануу боюнча иштерди тез арада баштоо зарылдыгына токтолду.

Келечекте өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуунун жана бүтүндөй энергосистеманын рентабелдүүлүгүнө жетишүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM