Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Кытай жарандары үчүн 10 күндүк визасыз режимди ишке киргизет

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Фев 2021 | 810 | 0

Өзбекстан 1-марттан тарта бир катар өлкөлөр менен 10 күндүк визасыз режимди ишке киргизет. Бул тууралуу жарлыкка кечээ, 9-февралда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кол койду.

Жарлыкта айтылгандай, Өзбекстан Кытай жарандарына жана анын ичинде Гонконг, Макао админстративдик аймактарынын тургундарына карата 10 күндүк визасыз режимди ишке киргизет. Мындан сырткары ушундай эле мүмкүнчүлүк Катар, Кувейт, Оман султанаты, Бахрейн өлкөлөрүнө да берилүүдө.

Визасыз режимдин шарты боюнча келе турган жарандар он күн ичинде кайра артка учуп кете турган билетин же үчүнчү өлкөгө чыга турган билетин көрсөтүүсү зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM