Биз менен байланышыңыз

Түркия Айга космостук корабль учурууну максат кылат

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Фев 2021 | 818 | 0

Түркия мамлекети Айга космостук коралбь учурууну максат кылат. Бул тууралуу өлкө башчысы Режеп Тайип Ердоган Космос агенттиги уюштурган Улуттук космос программасын тааныштыруу жыйынында айтты.

Маалым болгондой, бул мүдөөнү ишке ашыруу 2023-жылы Түркия мамлекетинин түптөлгөнүнүн 100 жылдыгына карата мерчемделип жатат.

Ердоган астына Айга космостук корабль учуруу аркылуу Түркия мамлекетин бул жаатта да дүйнөгө таанытуу, мунун арты менен өлкөгө космодром куруу сыяктуу 10 максат койгон. Ошондой эле ал Түркиянын атынан Айга учкан адам сөзсүз түрк улутунан болушу керектигин баса белгилеп, жалпы элден АКШ астронавт, Орусия космонавт, Кытай тайконот деп атаган сыяктуу түркчө бир жакшы ат табууну суранды.

Ердогандын бул өтүнүчү социалдык тармактардын колдонуучуларынын арасында кызуу талкуу жаратып, учурда ат сунуштагандардын катары калыңдап барат.

Белгилей кетсек, эң биринчи космоско учууну СССР империясы ишке ашырып, 1961-жылы 12-апрелде космонавт Юрий Гагарин Казакстандагы «Байконур» космодрому аркылуу Айга учуп, 1 саат 48 мүнөттөн кийин кайра жерге кайтып келген. Бул дата алгач мурдагы СССР, учурдагы КМШ мамлекеттеринде авиация жана космонавтика күнү катары белгиленип келсе, кийинчерээк Бириккен Улуттар Уюму 12-апрелди Космоско учуунун эл аралык күнү катары кабыл алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM