Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө биринчи жолу 3D панорамалык карта иштелип чыкты

Кыска кабар | 10 Фев 2021 | 756 | 0

Туризм департаменти эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен Кыргызстандын 3D панорамалык картасын иштеп чыкты. Бул тууралуу Туризм департаменти билдирди.

Карта боюнча маалымат берүү көргөзмөсүнүн расмий ачылышы Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин кинозалында 12-февралда саат 13:30да өтөт. Ага Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Эдуард Ауэр, Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Иверсен, Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) туруктуу өкүлү Немото Наоюки, ошондой эле Кыргызстандын туристтик ассоциациялары жана башка көптөгөн эл аралык жана жергиликтүү уюмдар катышат.

Ал эми ушул эле карта бардык каалоочулар үчүн 13-14-февралда саат 11:00дөн 17:00гө чейин көргөзүлөт.

Бул жогорку сапаттагы 3D-панорамалык материалдар Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн даңазалоого жардам берет. Ошондой эле туристтердин саякатын мерчемдөө үчүн дестинацияларды (инфратүзүмдөрдүн жана кызмат көрсөтүүлөрүн) жакшы билип алуусуна көмөктөшөт.

Панорамалык карта Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA), Европа Биримдиги, Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү федералдык министрлиги (BMZ),  «Салымбеков» фонду, эл аралык Швейцариялык Хелветас-Кыргызстан уюму тарабынан каржыланган.

Карта менен ушул жактан таанышсаңыз болот:

http://map.tourism.gov.kg

Махбуба Сайпилаева

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM