Connect with us

Министр беткап такпагандарга айып пул салууну сунуштады

Кыска кабар | 10 Фев 2021 | 1429 | 1

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коомдук жайларда беткап тагынбаган жарандарга айып пул салуу сунушун өкмөткө киргизүү ниетин бар экенин «Биринчи радиого» берген маегинде айтты.

Министр Бейшеналиев өлкөдө жарандар коомдук жайларда беткап тагынбай калганына тынчсызданып, мунун натыйжасы жаман болот деп эсептейт. Ал Түркияны мисал кылып, «Ал жакта жарандар коомдук жайларда милдеттүү түрдө беткап тагынууда. Эс алуу күндөрү да көпчүлүк сыртка чыкпайт экен. Алардагы айып пул 500 доллардын тегерегинде. Мен да өкмөткө коомдук жайларда беткапсыз жүргөндөргө айып салуу сунушун киргизгим келип атат», — деп кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны учурда 80 миңден ашты.

1 пикир

1 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM