Биз менен байланышыңыз

АКШ: Трампка жарыяланган импичмент мыйзамдуу деп таанылды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Фев 2021 | 402 | 0
Сүрөт "Азаттыктан" алынды

АКШ Конгрессинин Сенаттар палатасы Дональд Трампка жарыяланган импичменттин Башмыйзамга туура келер-келбесин 9-февралда өткөн жалпы жыйында карады.

Сенаттардын бул жолку жыйынын эл күткөндөй АКШ Жогорку Сотунун төрагасы Жон Робертс же вице-президент Камала Харрис эмес, жашы боюнча баарынан улуу Патрих Лихи алып барды. Процесстин жүрүшүндө Өкүлдөр палатасы кабыл алып, Сенатка жөнөткөн «Дональд Трампка импичмент жарыялоо жөнүндө» декларациянын Башмыйзамга канчалык туура келери талкууга коюлду.

Трамптын адвокаттарынын бул мыйзамсыз иш экенин далилдөөгө кылган аракетинен майнап чыккан жок. Жыйындын соңунда импичментти колдогон 50 демократ-сенаторго 6 республикачы-сенатор кошулуп, жалпы 56 добуш менен мыйзамдуу деп табылды. Буга импичменттин Дональд Трамп кызматта турган кезинде эле жарыяланганы жүйө келтирилди.

Бүгүн, Вашингтон убактысы боюнча саат 12:00дө (Бишкек убактысы боюнча 23:00дө) декларация добушка коюлат. АКШ Башмыйзамына ылайык, эгер ал 67 сенатордун добушун ала алса, анда импичмент жарыяланды деп таанылат. Бул үчүн 50 демократка дагы 17 республикачынын кошулуусу керек болот.

Эгер импичмент жараяны ишке ашса, анда Дональд Трамп кийинки мөөнөткө баруу жана мамлекеттик иштерге аралашуу укугунан ажырайт.

Белгилей кетсек, 6-январда Трамптын тарапташтары АКШда козголоң чыгарып, Конгресстин жыйыны өтүп жаткан учурда Капитолийди басып алышкан. Натыйжада күч түзүмдөрү менен демонстранттардын ортосунда кагылыш чыгып, адам өлүмүнө алып келген. Бул ишке Дональд Трамптын түздөн-түз катышы бар деп, Өкүлдөр палатасы 13-январда «Дональд Трампка импичмент жарыялоо жөнүндө» декларация кабыл алып, аны бекитип берүү үчүн 23-январда Сенаттар палатасына жөнөткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM