Биз менен байланышыңыз

«Манас» эл аралык аэропортунун мурдагы төрагасы Эмир Чукуев кармалды

Кыска кабар | 9 Фев 2021 | 707 | 0

«Манас» эл аралык аэропортунун мурдагы төрагасы Эмир Чукуев кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чукуев Түркиянын «Gata hava yollari ve taşımacılık» компаниясына эл аралык жүк ташуу боюнча жеңилдикти мыйзамсыз бергендиктен, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген деп шектелүүдө.

8-февралда Чукуевдин баш коргоо чарасы Ленин райондук сотунда каралып, ал 6-апрелге чейин СИЗО-1ге камакка алынды.

Эмир Чукуев «Манас» аэропортунун башкармалыгын 2015-жылдан 2018-жылга чейин жетектеген.

Эске сала кетсек, буга чейин Башкы прокуратура «Манас Менеджмент Компани» ЖЧКсынын жооптуу адамдары тарабынан чет элдик компанияга жүк ташуу үчүн жеңилдиктерди берүү фактыларын аныктаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM