Connect with us

Финляндияны бактылуу өлкөгө айланткан 7 фактор

Блог | 9 Фев 2021 | 2124 | 0

Финляндия акыркы үч жыл катары менен Дүйнөдөгү эң бактылуу өлкөлөрдүн сап башына чыгууда. Бирок мунун сыры бир гана кооз табият, каада-салт жана туура тамактанууда эмес. Андан башка факторлор да бар. Бул өлкөнүн бактылуулугунун сыры эмнеде болушу мүмкүн?

Бириккен улуттар уюму дүйнөдөгү эң бактылуу жай Disney World эмес, Финляндия экенин жарыялады. Бул өлкө эмне себептен World Happiness Report рейтингде үч жыл катары менен биринчи болууда?

Финляндияда миңден ашык көл бар жана 73% аянтын токойлор ээлейт. Ал жерде түн жарымда күн чыккан сыяктуу табиятты өзгөчө кубулуштарына күбө боло аласыз. Бирок бул аталган өлкөнүн “бактылуулук индексине” таасири жок. Анда өлкөнүн аянты жыл сайын кар көчкүдөн улам 7 кв метрге кеңейип турганы же фин паспортунун дүйнөдөгү визасыз режимде эң көп жүрө алган өзгөчөлүгү “бактылуулук индексин” жогорулатып жатабы? Жок, андай эмес. Жадагалса, Финляндия таштандыны кайра иштетүү (98% таштанды кайра иштетилет) жаатында алдыга кеткен өлкө экени да элинин бактылуулугуна эч кандай таасир этпейт.

Финдердин бактылуулугунун бир сыры алардын кайрымдуулук иштерди көп жасаганында, — деп белгилейт Mayo Clinic сайты. Анткени кайрымдуулук жасоо адамдын кан басымына жакшы таасир берип, жүрөктүн иштешин жана иммунитетти бекемдейт.

Ошентсе да, эл аралык эксперттер финдердин бактылуулугун камсыздаган төмөнкү алты көрсөткүч боюнча рейтинг чыгарышат.

Бактылуулук индексин өлчөгөн алты көрсөткүч

БУУ 2012-жылы  “бактылуулук” түшүнүгүн аныктоо үчүн адамзаттын жашоосундагы алты көрсөткүчтү негиз кылып тандап алган. Мына ошол көрсөткүчтөр жогору болгону үчүн Финляндия дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө болуп келет.

1. Финляндиянын ИДПсы адам башына жылына 49 миң доллар деп эсептелет. Бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч (2019-жылдагы статистика боюнча).

2. Социалдык колдоо чаралары . Финляндия 2017-жылы жарандарга эч кандай шарты жок базалык кирешени ай сайын төлөп туруу механизмин киргизген алгачкы европалык өлкө болуп сналат. Бул социалдык колдоо жана жумушсуздукту жоюу үчүн жасалып, анда 2000дей жаранга ай сайын 560 евродон төлөнүп турган.

3. Бул өлкөдө адам жашоосунун орточо узактыгы 81,9 жыл. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу эң жогорку көрсөткүч.

4. Жашоодогу тандоо эркиндиги. Фин өлкөсү жарандык укук жаатында эң көп ийгиликке жеткен. Алар аялдарга шайлоо укугун берген алгачкы өлкө жана шайлоо укугун мыйзам менен бекитип, ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу.

5. Берешендик. Финляндия калкы берешендиги менен өзгөчөлөнүп турат. Калктын жарымы кайрымдуулукка үзгүлтүксүз каражат бөлөт жана өлкөнүн үчтөн бир бөлүгү ыктыярчылык менен алектенет.

6. Коррупция жок. Финдердин административдик системасы өзүнүн ачык жана тазалыгы менен айырмаланып турат. Өлкөдө мамлекеттик башкарууга жарандык коомдук активдүү катышуусу, системадагы эффективдүү ички жана тышкы көзөмөлдүн күчтүүлүгүнөн коррупциялык дээрлик жокко эсе.

Финдердин жашоо образын белгилеген 7 фактор

Эксперттер финдердин жашоо деңгээлин улам жакшыртып турган төмөндөгү 7 фактор да бар экенин айтат:

1. Ата-энелер балдарына эң жакшы билим бергенге умтулушат. Башка өлкөлөрдөн айырмаланып, Финляндияда аталар мектеп курактагы балдары менен эң көп убакыт өткөрүшөт.  Энелер да балдарынын калыптануу процессинде аларга көп убакыт бөлүүгө аракет кылат. Мына ушундан улам фин билим берүүсү дүйнөдө алдыңкы орундарга чыгып келет. Мамлекет жана коом педагогдорду өтө баалап, аларды мыкты деңгээлде даярдайт жана эң жогорку маяна төлөп берет.

2. Китепке жана китепканаларга болгон сүйүү. Финдер кичинекейинен тартып эле китепканага барганды жактырат. Фин калкынын дээрлик баары эки же андан ашык тилде эркин сүйлөй алат жана саякатка көп чыгат. Китепкана— фин коомчулугунун жашоосундагы маанилүү бөлүк болуп саналат. Ал жерде сабак окуп, хоббисине убакыт тапканга болот. Буга Хельсинкидеги 2018-жылы ачылган Oodi заманбап китепканасы жаркын мисал боло алат.

3. Финляндия 2017-жылы Дүйнөлүк экономикалык форумда дүйнөдөгү эң коопсуз өлкө деп табылган. 80% финдер милицияга толугу менен ишенет. Туристтик сунуштамаларда да Финляндия медицина, коопсуздук чаралары эң жакшы болгону үчүн тобокелчилиги аз өлкө деп сыпатталат.

4. Саламаттыкты сактоо тармагындагы комплекстүү система. Бул өлкөдө медициналык мекемеге кайрылган ар бир оорулуу эң жакшы дарылоо курсун ала турганын жакшы билет. Ошондой эле кызмат көрсөтүүнүн акысы да өтө арзан.

5. Жөө басуу ышкыбоздугу жана табиятты таанууга болгон аракет. Финдер үйүнөн тышкары чыгып эс алганды сүйөт. Айрыкча өлкөдөгү 40 улуттук парк жана Балтика деңизиндеги аралдарга барууга ашыгат. Мындан сырткары велосипед тепкенди жана жөө жүрүш жасаганды жакшы көргөн эл. Буга өлкөдөгү веложолдор жана жөө жүрүүчүлөр үчүн салынган чыйыр жолдун көптүгү далил.

6. Таасирлентүүчү рацион. Миржи Хиралы аттуу маркетологдун айтымында, финдер картошка менен балыкты көп колдонот. Учурда скандинавия ашканасы да популярдуу болуп, рациондо жер-жемиш, ашкөктөр жана жапайы жашылчаларды колдонуу да өскөнү байкалат.

7. Ак ниеттүүлүк жана ишеним. Финдер чынчылдыкты туу туткан адамдар. Эгер сиз кимдир бирөөдөн “иштериң кандай?” – деп сурасаңыз, анын эч нерсени жашырбай же көркөмдөбөй бере турган жообуна да даяр болуңуз. Алар дайыма олуттуу жана эмне сөз айтылса, ошону түз маанисинде кабыл алат.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM